Асел Кадырбекова: "Криштиану Роналду мени сүйүп калса, аны менен кетмекмин"

15:00. Асел Кадырбекованын SUPER.KG'нин түз эфириндеги маеги башталды. Маек эки саат бою уланат. Андыктан бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ырчыга кызыктуу суроолоруңуздар болсо, узатсаңыздар болот.

Учурда ырчы колдонуучулардын түрдүү суроолоруна жооп берүүдө. "Түз эфирде Нурлан экөөбүз тууралуу суроолор көп болору түшүмө да кирип чыкты", - дейт ырчы күлүп.

15:25. Асел Кадырбекованын ырлары жаӊырууда.

Асел Кадырбекованын маеги кызуу уланууда. Ырчы колдонуучулардын логикалык, жеке жашоосу тууралуу берилген суроолорго жооп берүүдө.

Суроолорду шилтеме аркылуу "Суперстан" бөлүмүнө өтүп, бул жерге калтырыңыз. Ошондой эле WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибере аласыз. "Соңку кабар" аркылуу да ушул эле кабарга комментарий таштап, суроолорго жооп алсаңыздар болот.

15:35. Нурлан Насип жөнүндө берилген суроого мындай жооп узатты: "Нурлан жөнөкөй, уялчаак жигит. Анда мактанчаактык сапат жок, ошол мүнөзүн сыйлайм", - дейт ырчы.

15:50. Асел Кадырбекова SUPER.KG`нин алып баруучулары уюштурган оюнга катышууда.

16:07. Асел Кадырбекова жана Кундуз Канатбек кызынын аткаруусундагы "Самап келем" ыры жаӊырууда. Андан соӊ кайрадан суроолорго жооп берүү башталды.

16:10. Асел Кадырбекованын SUPER.KG`де маеги кызуу уланууда.

16:30. "Футболду жактырбайм. Бирок Месси, Роналду деген белгилүү футболчуларды тааныйм. Криштиану Роналду мени сүйүп калса, аны менен кетмекмин", - дейт күлүп Асел Кадырбекова.

17:05. Түз эфир соӊуна чыкты. Кызыктуу суроо узаткан 3 колдонуучу аныкталып, белектер тапшырылмай болду.

Ырчы Асел: “Нурлан башка бирөөгө буюрса, бакыт кааламакмын”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (51)
Oi_pikir
2017-05-24 18:48:42
Ким күчтүү, ким ийгиликтүү, ким мыкты болсо дайыма аны көрө албагандар, өзү ошондой деңгээлге жетпей ич күйдүлүк кылгандар болуп келген. Аселди дагы ДАЛ УШУНДАЙ негизде көрө албагандар көп) Ошонүчүн дайыма, көрүнгөн жерде, көрүнгөн ат менен жамандай беришет. Асел, көңүл бөлбө.
+1
jaz99
2017-05-24 19:40:31
Ичинер куйсо калемпир жегиле
-1
altyn7776
2017-05-24 20:08:38
Оппоо Асель,озунду дуйнолук денгээлдеги сулуу сезипсин го, Тооба. Роналду ким, сен кимсин?! Анжелика айтса да бир аз жарашмак...
-7
barakcha
2017-05-25 09:56:11
altyn7776,Анжелика бутту уже очту.Мухтар Омуракунов дегенде эле очту.
+4
Azamat_15
2017-05-24 20:19:22
Бул ким?
-2
scorp
2017-05-24 21:55:20
Кыскасы Айчурок эже менен Анжеликанын темасы рултда))
+2
kychan.98
2017-05-25 00:13:38
Кыргыздар эмнеге? Эмнене? Бири бирибизди коро албайбыз?
+1
evra_kg
2017-05-25 00:14:03
Башы бар экенин унутуп калганго ал суйсо он беш кун суйот
-1
Best.bakyt
2017-05-25 05:07:12
Ары жок тооктун тушуно акталанган таруу кирет,-дейт
0
aravan.kg
2017-05-25 09:51:21
2саатта 3 эле суроого жооп бердиби
0
tular
2017-05-25 18:01:47
Акылы жок экен, болок улуттун окулу менен ээрчишип кетсен. Жаманда болсо кыргыздын мырзаларына жетпейт.
0
Begaiko
2017-05-25 20:39:32
Алдамчы деп ойлой беришсин дейт, значит Алдамчы
0
jazy
2017-05-25 20:44:53
Суппер инфо саламатсынарбы мен Эльвира Москвадан сиздер менен кантип байланышсам болот
0
suiuktuujar
2017-05-25 20:51:15
Же өзүнүн ырын же жазуучуларды же жадыбалды билбесе аябай эле жасалма сүйлөйтго.
0
altynbek_canto
2017-05-25 22:50:55
Асел реално измена экенсиң Нурланды сүйөм сүйбөйм дегенине караганда, атактуумун деп өзүңдү бийик сезе бербе, сенде таланттын Т сы дагы жок.
0
jazy
2017-05-26 00:10:02
Биронун жашоосун сартировка кылгыча озунордун жашоонорду билгилечи мынча ичинер таар сындап эле билип билбей эле жаман создорду бурмалап жаза бербесенр биринчи озунорду эки жагынарды карап туруп сынтаккылачы колунардан келсе Асельдей болуп алгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан