Аксы районунда чагылган мектеп окуучусуна тийип, ал каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургун SUPER.KG порталына билдирди.
Жергиликтүү тургундун айтымында, окуя 18-май күнү Өлөң-Булак айылындагы жайлоодо болгон.
"Нурдөөлөт Усупбеков 7-класста окучу. 18-май күнү мал караганы жайлоого чыккан. Ошол маалда жаан жаап, чагылган түшкөн. Түшкөн чагылган Нурдөөлөткө, анын атына жана итине тийген. 21-май күнү анын жансыз денеси табылып, 22-майда жерге берилди. Ошол учурда анын жанында болгон шериги ооруканада. Ал шок абалда, эч нерсе билбей турганын айтууда", - дейт жергиликтүү тургун.