2017-жылы өкмөт 4 сугат түйүнүн ишке киргизет. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев “Өлкөдөгү сугат түйүнүн модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу жана калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу” боюнча маалымат жыйынында билдирди.
“Калктын санынын көбөйүшү менен жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жылы 11 сугат түйүнүн каржылоо пландалууда, жалпы суммасы 32 миллион доллар турган 6 объектти Кытайдан келген гранттын эсебинен, 1 ирригациялык объект Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен ишке берилет. Калган объекттер мамлекеттик бюджеттин каржылоосу менен бүткөрүлөт”, - деди Көкүмбек Таштаналиев.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Каракыштак-Боз каналынын курулушунун наркы 390 миллион сомду түзөт. 560 гектар сугат жер өздөштүрүлүп, 700 гектар жер суу менен камсыз болот, тургундардын 2200дөн ашыгы жер иштетип, жумуш менен камсыз болушат.
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айыл башкармалыгындагы жерди өздөштүрүү үчүн 80 миллион сом бөлүнүп, 330 жаңы сугат жерлер ишке кирип, бассейндеги суунун көлөмү 470 миң куб метрге жетет. Жаңы жерлерди ишке киргизүүдө 1000 жаран жумуш менен камсыз болот.
Нарын облусундагы Жумгал районунун Баш-Кууганды дарыясынан алынган суулар аркылуу кайрак жерлерди сугат аянттарына айлантуу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Ал 60 миллион сомду түзүп, 200 гектар жаңы жер ишке кирип, 700 гектар жерди суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анда 1000 адам жер менен иштей турганы пландалууда.
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айыл аймагындагы Ак-Тектир жана Терек-Талаа каналдарын ишке берүү ишке ашса, 560 гектардан ашык аянт сугат суу менен камсыз болот. Жалпы суммасы 50 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Каналды ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.