Орусияда Кыргыз жараны зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 21-майдан 22-майга караган түнү Балашиха шаарында болгон. Анда белгисиз адам 19 жаштагы кызды сабап, зордуктап кеткен. Бул факт боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Кыргыз жараны кармалды.
Учурда ага кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.