Кечээ жана бүгүн, 23-24-май күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Аскат Мусабеков жандуу үндүн коштоосунда жеке концертин тартуулады. Ырчы концертин сахнадагы 10 жылдыгына карата өткөргөнүн айтты.
Концерт театралдаштырылган көрсөтүү менен башталып, анда Аскат Мусабековдун балалыгы, студент кези, кыялдары көркөм окуунун коштоосунда баяндалды.
Ырчы "Оп майда" элдик ырын, "Аруузатым" чыгармасын жана башка ырларды Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин коштоосунда ырдап, ал номерлер эл тарабынан жылуу кабыл алынды. Ошондой эле ырчынын комуздун коштоосундагы "Мунарым" ыры көрүүчүлөрдүн жүрөктөрүн багындырды. Мындан сырткары концерттин жүрүшүндө Аскат Мусабеков алпаруучу Алтынбек Кыдыралиев менен бирге белгилүү акындардын ырларын көркөм окушту. Кечеге ырчылар Токтобек Асаналиев, Гүлнур Асанова жана башкалар катышып, өнөрлөрүн тартуулашты.