Бишкекте куурчак театрларынын эл аралык фестивалы өтөт (фестивалдын программасы)

Бишкекте 26-майдан 29-майга чейин Муса Жангазиев атындагы куурчак театры жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен "Так-Теке 2" эл аралык фестивалы болот. Ага Орусия, Казакстан, Өзбекстандан жана Кыргыздын аймагындагы куурчак театрлар катышат. Иш-чара Орусиянын маданий ишмери, Москвадагы куурчак театрынын биринчи көркөм жетекчиси Виктор Швембергердин 125 жылдыгына карата уюштурулууда.

Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында өтө турган фестивалдын программасы, кирүү акысыз.

26-май саат 10:00. Маданият министрлигинин алдында фестивалдын ачылышы болот. Куурчактардын катышуусунда ырлар аткарылып, бийлер көрсөтүлөт.

11:30. "Машенька менен аюу" спектакли. Москва облустук мамлекеттик куурчак театры.

14:00. "Каштанка" спектакли. Алматыдагы куурчак театры.

16:00. "Күтүлбөгөн конок" спектакли. "Рабаят" куурчак театры.

27-май саат 10:00. "Машенька менен аюу" спектакли. Москва облустук мамлекеттик куурчак театры.

12:00. "Айжан чоң эненин жомоктору" спектакли. Мангистау облустук куурчак театры. (Казакстан)

15:00. "Бахорой менен Навруз" спектакли. Өзбек мамлекеттик куурчак театры.

28-май саат 10:00. "Машенька менен аюу" спектакли. Москва облустук мамлекеттик куурчак театры.

12:30. "Кичи пейил турна" спектакли. Муса Жангазиев атындагы куурчак театры.

15:00. Жолборстайдын жоруктары спектакли. Ош облустук куурчак театры.

29-май күнү саат 15:00дө фестивалдын жабылуу аземи болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nuura-shirin
2017-05-25 19:11:54
Каерде болот Жана баасы кандай кабар берип койгулачы супер
0
admin_portal
2017-05-26 10:36:04
Nuura-shirin, саламатсызбы? Билеттин баалары текстте жазылуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан