Бишкекте мыйзамсыз миграция уюштурганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 24-майда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарында убактылуу жашап жаткан Пакистандын 22 жаштагы С.М. аттуу жараны кайрылган. Ал Наим аттуу жаран Японияга баруу үчүн документтерди даярдап берем деп аны Пакистандан чакырганын, кызмат акысына 5 700 АКШ долларын алганын айткан.
Аталган факты боюнча "мыйзамсыз миграция уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 43 жаштагы М.Наим аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Ал Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.