Эверестте 4 альпинисттин жансыз денелери табылды. Бул тууралуу Himalayan Times басылмасы, дүйнөдөгү эң бийик чокудагы лагерлердин өкүлдөрүнө шилтеме берүү менен жазган.
2 турист, аял, эркек жана 2 жол көрсөтүүчүлөрдүн денелери тоодогу 4-лагердеги чатырда 24-майда таңга маал табылганы маалым болду. Денелерди каза болгон Словакиянын альпинисти Владимир Штрбанын сөөгүн түшүрүп келе жаткан Seven Summit Treks компаниясынын кызматкерлери табышкан. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, альпинисттер чатырда кычкылтектин жетишсиздигинен улам каза болушкан. Жалпысынан бул тоодо май айында 9 адам каза болгону маалымдалат.