Футбол боюнча Европа Лигасынын финалында голландиялык “Аякстын” жана англиялык “Манчестер Юнайтеддин” беттеши орун алды. Анда “Манчестер Юнайтед” 2:0 эсебинде “Аяксты” утуп, Европа Лигасынын жеңүүчүсү болду.
Оюндун 1-таймында алгачкы голду “Манчестер Юнайтеддин” жарым коргоочусу Поль Погба киргизди. Ал эми 2-голду дагы бир жарым коргоочусу Генрих Мхитарян киргизгенге үлгүрдү. Бул жеңиш менен “Манчестер Юнайтед” УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын кийинки сезонундагы тайпалык баскычына жолдомо алды.