Бишкекте волейбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка тандап алуу оюндары өтөт

Бишкек шаарында 26-28-май аралыгында волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун 2-этабы өтөт. Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирет.

Анда Кыргыз спортчулары Казакстан жана Пакистан командалары менен күч сынашат. Жеңүүчү аталган команда тандап алуу оюндарынын финалдык баскычына өтөт. Финалда жеңип алган команда 2018-жылы Италия жана Болгарияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Эскерте кетсек, волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы 2016-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун 1-этабында Бангладеш жана Мальдив аралдары менен беттешип жеңишке жеткен.

Кошумчалай кетсек, улуттук курама команда март айында Мальдив аралында өткөн Азия чемпиондугун жеңип, алтын медалдарды тагынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
akil.91
2017-05-25 12:43:37
Албетте дуйнолук оюнга чыгып орун алалы! Бирок эч болбогондо ушул эки олкону женип, финалга чыксак деле ото кубанычтуу болот мен учун!
0
Azat.97
2017-05-25 14:10:42
кайсы жерде болот экен билгендер айтып коёсуздарбы?
0
Dante
2017-05-25 22:26:04
Azat.97, бишкекте же чолпон-атада
0
Lakyas
2017-05-25 14:20:40
Буюрса биздин азаматтар женишет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан