Бүгүн, 25-майда саат 10:30дар чамасында Бишкек шаарынын Геологический көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 4,5 жаштагы бала терезеден кулап каза болду.
Бул маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди.
“Биздеги маалыматтар боюнча, атасы эртең менен баласын үйгө калтырып, эшикти сыртынан бекитип кеткен. Атасы сыртка чыкканда, бала белгисиз себептер менен 5-кабаттагы үйдүн терезесинен кулап түшкөн. Бала оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилип, кийинчерээк каза болгон. Учурда бул кырсык боюнча окуянын себептери такталып жатат”, - деди Оморов.