"Медиа-портал" бөлүмүндөгү таасирдүү тартылган клиптердин бири - Данияр Эрматовдун "Көӊүлүмдөн калдыӊ" ырынын клиби. Ырчы клиптин сюжети чыныгы турмуштан алынганын айтат.
"Буга чейин клиптериме сценарийди өзүм жазып келсем, бул ирет Эрнист Сыдыков жазды. Сюжети чыныгы жашоодон алынган десек болот. Клипте кыздын терезе артынан пайда болгонун жана башка көрүнүштөрдү атайын табышмактуу кылып калтырып койдук. Себеби башкы каармандардын ички абалын, маанайын ар бир көрүүчү өз деӊгээлине жараша түшүнүп алат. Кыскасы, тартуу иштери кандай оор болсо, клиптин маанисин түшүнүүгө да кыйын болсун дедик. Ал үчүн көрүүчү клипти 2-3 ирет көрүп чыгышы керек", - дейт ырчы күлүп.
Ал эми андагы башкы каармандар тууралуу буларды билдирди:
"Каармандар тууралуу айта кетсек, буга чейин эч бир клипте, тасмада тартылбаган актёр-актрисаны издеп таап, аларды клипке тартылууга көндүрдүк. Буга чейин тартылса да, анча белгилүү эмес, эпизоддук ролдорду гана жаратышкан. Ал эми кичинекей бала "Ак-Шоола" балдар хорунун тарбиялануучусу", - дейт Данияр Эрматов.
Данияр Эрматовдун "Көӊүлүмдөн калдыӊ" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.