Венесуэлада бийликке каршы жүрүп жаткан акцияларда 60 адам каза болгонун Nacional басылмасы жазып чыкты. Ал эми расмий маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 55.
Басылма жарыялаган тизмеге ылайык, каза болгондордун арасында 3өө укук коргоо органдарынын кызматкерлери (1 улуттук гвардиянын кызматкери, 2 полиция кызматкери) болсо, калгандары жөнөкөй жарандар. Ал эми алардын ичинен 9у 14-18 жаштагы өспүрүмдөр.
Венесуэлада апрель айынын башынан бери массалык нааразылыктар өтүүдө. Алгач сот оппозициялык Улуттук ассамблеянын укуктарын бир топ кыскарткан, бирок чечим кайра артка кайтарылган. Оппозициянын тарапташтары сот мүчөлөрүн отставкага кетирүүнү, мөөнөттөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылып чыгышкан. Эми алар уюмдаштыруучулардын жыйынына каршы чыгышууда, алардын оюнда, бийлик муну менен Конституцияны өзгөртүү аракетин жасап жатат.
Башкы прокурордун маалыматына ылайык, акциялардын жүрүшүндө 55 адам каза болуп, миңдей адам жаракат алган.