ЖЫЛНААМА, 26-МАЙ: Орусиялык ырчы Анжелика Варум 48 жашка чыкты

Орусиялык ырчы Анжелика Варум 48 жашка чыкты. Ал 1969-жылы 26-майда Украинанын Львов шаарында төрөлгөн. Атасы Юрий Варум композитор, апасы Галина Шаповалова режиссёр болгон. Анжелика Варум 5 жашынан фортепианодо ойноп, мектепте окуган кезинде гитара черткен. Жогорку класстарда окуп жүргөндө мектептин театры менен гастролдорго чыга баштаган. Ырчылык карьерасын 1990-жылы баштап, алгачкы "Good Bye, мой мальчик" аттуу ыр жыйнагын 1991-жылы чыгарган. 2011-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Ошондой эле ал Орусиянын улуттук "Овация" сыйлыгынын 3 жолку ээси, бир катар ырлардын автору, актриса.

Жеке жашоосу

Ырчы биринчи жолдошу Максим Никитин менен 8 жыл бирге жашаган. 1997-жылы Леонид Агутин менен таанышып, чогуу ырдай баштаган. Экөөнүн мамилеси сүйүүгө айланып, 1999-жылы Елизавета аттуу кыздуу болушкан. Ал эми 2000-жылы расмий түрдө никеге турушкан. Анжелика Варум чыгармачылыктан тышкары жеке ишкерлик менен алектенет.

26-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан