Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, кечээ, 25-май күнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылган. Азыркы тапта анын өздүгү такталбай жатат.
Маркум ак түстөгү, жакасы кара футболка кийип жүргөн. Орто дене түзүлүштө, чачы кара. Үстүнкү жаагынын сол жагындагы 3 жана 5-тиши, оң жагынан 4 жана 5-тиши, алдыңкы жаагынын сол жагындагы тиштери сары металл менен капталган.
Милиция сүрөттөгү кишини тааныгандардан аты-жөнүн тактоого жардам сурайт.