Кыргыз дзюдочу Юрий Краковецкий дүйнөлүк рейтинг боюнча 14-орунда турат

Дүйнөлүк дзюдо федерациясы 2017-жылдын 22-майда дзюдочулардын рейтингин жаңылады. Аталган рейтингге Кыргыз өлкөсүнүн ­­ар бир салмак ченинде 1 дзюдочу жарыяланган.

Жакында эле өткөн Ислам тилектештик оюндарында алтын медалдын ээси болгон Юрий Краковецкий жалпы эсеби менен 1370 упай чогултуп 100 килограмм салмак категориясында дүйнөнүн мыкты дзюдочуларынын арасында 14-орунда турат.

100 килограмм салмак ченинде алдынкы 3 дзюдочу:

1-орун: Тедди Ринер – 2450 упай (Франция)

2-орун: Хисайаши Харасава – 2370 упай (Япония)

3-орун: Барна Бор – 2280 упай (Венгрия)

Маалымдай кетсек, учурда Юрий Краковецкий Кытайдын Гонконг шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда катышып медалдар үчүн күрөшүүдө. Анын атаандашы Му Хишомиддинов (Өзбекстан) менен Матсумура Шин (Филиппин) беттешинен кийин аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
molorbaev
2017-05-26 11:45:38
Азамат. Ийгилик жылоолосун!
+1
Zeinep_gunew93
2017-05-26 12:27:12
Азаматсын Ийгилик каалайбыз!!! Кытайдан да ийгиликтер менен кайтышсын
0
kalima88
2017-05-26 12:31:52
Спортчубузга жениш кулуп баксын!!!
0
Lakyas
2017-05-26 12:43:11
Ийгилик,ийгилик. Биздин олкону супортчулар алдыга тартып жатат Азаматтар!
0
ALMAAAN
2017-05-26 20:06:19
Эркек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан