Бишкекте айдоочу ГАЗ-53 унаасы менен шаар тургунун сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 25-май күнү саат 19:00 чамасында Ала-Тоо жаңы конушунда болгон. Анда 36 жаштагы айдоочу жолдон өтүп бараткан 50 жаштагы тургунду ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп алган. Жабырлануучу ошол жерден жан берген.
Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып жайга токтотулду.