Кыргыз-Казак чек арасында түрк жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн "Актилек унаа жолу" көзөмөл өткөрүү жайында чек арачылар тарабынан 1979-жылы туулган Түркиянын жараны кармалган. Ал чек арачыларга Орусия жаранына таандык жасалма паспортту көрсөткөн. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Түрк жараны Казакстандан Кыргыз жерине келе жаткан.