Кыргыз футболчусу Валерий Кичин Орусиянын биринчилигинин Премьер-Лигасында ойногонго бир кадам жакындады

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасынын коргоочусу Валерий Кичин “Енисей” клубу менен 25-май күнү Орусия биринчилиги Премьер-Лигага чыгуу үчүн алгачкы плей-офф беттешинде “Арсенал Туланы” өз үйүндө кабыл алып, 2:1 эсебинде жеңди. Анда 1-таймдын башталышында “Арсеналдын” оюнчусу өз дарбазасына гол киргизип, эсеп саны ачылган.

Оюндун 72-мүнөтүндө “Арсеналдык” Думбиянын алыстан узатылган көтөрүп берүүсүн Кирилл Комбаров ийгиликтүү жыйынтыктап эсепти теңдеди. Кичиндин командасы оюндун акыркы мүнөттөрүндө чабуул жасап эсеп санын 2:1 кылганга үлгүрдү.

Валерий Кичин негизги курамда чыгып беттештин аягына чейин оюн жүргүздү. Оюн бүткөн соң “Енисей” командасына Орусиянын Улуттук футболдук Лигасында 3-орунду ээлеген үчүн коло медалдары тапшырылды. Эки команданын жооптук беттеши 28-май күнү Тула шаарында орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TalaCSKA
2017-05-26 17:05:34
Буюруп чыгып калса РФПЛге Тихонов калтырса экен основной составта
+2
Ulan2601
2017-05-26 18:55:01
Рфплде коруп калабыз буюрса калган футболчуларда фнлде ойносо болбойбу Турциянын 4 лигаларыда ойнобой
0
TalaCSKA
2017-05-26 19:59:58
Ulan2601,россияда лимит бар да ошону учун Кичин РФПЛде кереги жок болуп калышы мумкун.Анжи ФНЛден ПЛга чыкканда Кининди албай койушкан легионер болуп саналып калат деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан