Бүгүн, 26-майда Кытайдын Гонконг шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия чемпиондугунда Бектур Рысмамбетов коло медаль үчүн күрөштө Монголдук балбанга жеңилип калды. Бул тууралуу эл аралык дзюдо федерациясы билдирет.
Анда, 66 килограммга чейинки салмак чениндеги мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн Бектур Рысмамбетов жана Артур Те катышты. Артур Те “В” тайпасында күрөшүп алгачкы беттешинде Филиппиндик Ролан Ламасты жеңгени менен, кийинки беттешинде монголдук Херлен Гамболдго жеңилип медаль үчүн күрөштү токтотту. Ал эми Бектур Рысмамбетов тажикстандык Хушкадам Хусравовду жеңген. Бирок жарым чейрек финалда казакстандык Элдос Жумакановго кез келип 1:0 эсебинде жеңилип калган. Мындан соң, казакстандык балбан финалга чыккандыгына байланыштуу Бектур Рысмамбетов коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда Кыргыз дзюдочу монголдук Херлен Гамболд менен беттешип, тилекке каршы, жеңилип калды.
Эске салсак, бул чемпиондука Кыргыз өлкөсүнөн 11 спортчу барган жана алардан 8 дзюдочу жеңилип калды. Эртең, 27-май күнү татамиге Владимир Золоев, Шахруер Идрисов жана Юрий Краковецкийдин чыгышы күтүлүүдө.