SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Сөзсүз көрүшүңүз керек! Муай тайда кош нокдаун" аталыштагы видео жүктөлдү (ник: sport_lover).
Видеодо Таиландда болгон Max Muay Thai турнириндеги эки мушкердин урушу көрсөтүлөт. Турнирде америкалык Дориан Прайс франциялык Жонатан Леко менен кез келген. Уруштун акыркы секунддарында Прайс Лекону оң колу менен капталдан урса, франциялык мушкер америкалыкты чыканак менен урганга жетишкен. Экөөнүн тең соккулары так болуп, мушкерлер бир убакта нокаутка кетишкен.
Мушкерлердин кимиси эсине келип, жеңишке жетишкенин көрүү үчүн бул жерди басыңыз.