Таш-Көмүр шаарына жакын жерде жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 26-май күнү саат 16:30 чамасында Таш-Көмүр-Тегене унаа жолунун 15-чакырымында болгон. Анда Хонда CR-V үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, ала салып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1971-жылы туулган К.З. аттуу аял каза болуп, 1963-жылы туулган айдоочу Ж.З. жана 1972-жылы туулган Ж.Б. ооруканага жеткирилген.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу мас абалда болгон. Ошондой эле каза тапкан аял айдоочунун жубайы экени белгилүү болду.