Бишкекте "Музыкалык кечелер" иш-чарасы старт алды

Бүгүн, 26-майда Бишкекте Опера жана Балет театрынын жанында ачык асман алдында "Музыкалык кечелер" аттуу иш-чарасы старт алды.

"Бул кечелер бир айга уланат. Иш-чаралар жуманы жакшы жыйынтыктоону каалаган тургундардын маанайын көтөрүү максатында уюштурулган", - дейт уюштуруучу Самарбек Болотбеков.

Иш-чара үйлөмө аспаптар оркестринин чыгармалары менен ачылса, кийин сахнада аты таанымал ырчылар менен көркүнө чыкты.

"Музыкалык кечелер" 30-июнга чейин ар жуманын жума күнү өткөрүлүп турары маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан