Бишкекте түн ичинде эки унаа сүзүшүп, айдоочулардын бири качып кетти

Бишкекте түн ичинде эки унаа сүзүшүп, бири качып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда SUPER.KG порталына кырсыктын күбөсү билдирди.

Күбөнүн айтымында, кырсык Жибек жолу жана Курманжан датка көчөсүндө болгон.

"Жол кырсыгына Субару үлгүсүндөгү унаа себеп болду. Ал катуу ылдамдыкта келип алдындагы Хонда Степ үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Хонда Степ катуу соккудан улам 200 метрдей сүрүлүп, түркүктү сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен бир улгайган адам жабыркады. Субарунун айдоочусу жаш бала экен. Кырсык болгон жерден качып кетти", - дейт күбө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан