ЖЫЛНААМА, 27-МАЙ: Орусиялык актриса жана телеалпаруучу Мария Шукшина 50гө чыкты

Мындан 50 жыл мурун, 1967-жылы 27-майда орусиялык актриса жана телеалпаруучу Мария Шукшина Москвада чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Мария Шукшина бир жарым жашынан баштап тасмаларга тартыла баштаган. Учурда ал тартылган тасмалардын саны 45ке жетти. Ал эрктүү орус аялзатынын элесин жакшы көрсөтүп, оор драмалык ролдорду мыкты аткара турганын айтып келишет.

Актрисалыктан сырткары 1998-жылдан тарта телеалпаруучу катары да белгилүү болуп, "Жди меня” телеберүүсүн алып барган. Мария Шукшина 3 жолу турмуш курган, 4 балалуу. Ал алгач өзүнүн курсташы Артём Трегубенкого турмушка чыккан. Кыздуу болушкан соң экөө ажырашып кетишкен. Экинчи ирет биринчи күйөөсүнүн досу Алексей Касаткин менен турмуш курган. Экөө Макар аттуу уулдуу болушкан, бирок алардын үй-бүлөсүн баланын төрөлүшү да куткарган эмес. Ал эми үчүнчү күйөөсү Борис Вишняков менен актриса жарандык никеде жашап, 2005-жылы эгиз уулдарды жарыкка алып келген. 4 жыл өткөн соң Мария Шукшина Вишняковдон балдарын алып кетип калган. Учурда алар балдарга биргеликте тарбия беришет, бирок чогуу жашашпайт. 2014-жылы актриса неберелүү болгон.

27-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан