Чоң-Алай районунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Чоң-Алай районунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө 27-майга караган түнү саат 01:09 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде болгон. Анын очогу Кара-Тейит айылынан 23 чакырым түндүк-батышта, Карамык айылынан 27 чакырым түндүк-батышта, Шибээ айылынан 38 чакырым түндүк-батышта жайгашып, күчү 5 баллга жеткен.

Ал эми эл жашаган Кара-Тейит, Карамык айылдарында 4 балл, Жар-Башы, Жаш-Тилек, Чак, Шибээ айылдарында 3 балл сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rozhulun
2017-05-27 11:09:21
Туура айтасыз100% кошулам,кээ бир адамдын кесепетинен бир коом жок болушу толук ыктымал, орозо кирип келди! Эмесе пайдаланып сооп иштерди көбөйтөлү туугандар...бири бирибизге дуба кылалы.
+2
baisogur
2017-05-27 11:14:47
Жер титирөө болгон жерди тоо кыркаларды текшерсе болот бекен деп ойлойм бир зат табылып калабы деген ой
-5
banditka
2017-05-27 12:42:48
Аллах кайсы коомду жакшы корсо аны кыйынчылык менен сынайт. Албетте мунун жакшылык бар!!! Сабр!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан