Ысык-Ата районунда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын март айында Жар-Баш айылына жакын жердеги дачада болгон. Анда белгисиз адамдар 45 жаштагы үй ээси Ш.Пны жана анын аялы 37 жаштагы П.Ону өлтүрүшүп, качып кетишкен. Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 30 жаштагы К.А. кармалган. Ал эми экинчи кылмышка шектүүнүн аты-жөнү такталып, издөөдө жүргөн болчу.
"Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып, 28 жаштагы К.В. кармалган. Учурда ал Бишкектеги №1-СИЗОго киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, окуя жаман мамиледен улам келип чыккан", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.