Сокулукта мейманкананын айнегин талкалап кеткен жаран кармалды

Сокулукта мейманкананын айнегин талкалап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-май күнү милиция кызматкерлерине 30 жаштагы Т.А. аттуу аял арыз менен кайрылган. Анда ал 25-майга караган түнү белгисиз адам Сокулук айылында жайгашкан мейманкананын айнегин талкалап кеткенин айткан. Бул факт боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 35 жаштагы Р.Р. кармалган. Ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан