26-майда Бишкек шаарында волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун 2-этабынын алгачкы оюнунда Кыргыз курамасы Пакистан курамасы менен кез келген. Анда Пакистан командасы алгачкы 2 партияда мыкты болуп 25-18 жана 25-17 эсебинде Кыргыз курамасын жеңди.
Кийинки 2 партияда Кыргыз курама командасы өзүн колго алып 15-25 жана 22-25 эсебинде жеңип партиялар боюнча эсепти тең кылганга үлгүрдү.
Чечүүчү 5-тай брейк партиясында эки команда кызыктуу оюн көргөздү. 5-партиянын башында Пакистан курамасы 6-3 эсепте алдыга чыгып кетти. Кыргыз курамасынын оюнчулары эсепти теңдегенге шашылып эсепти 12-13 кылган соң өлкөбүздүн волейболчулары жеңишти Пакистандыктарга берип салды. Жыйынтыгында Пакистан курамасы партиялар боюнча 3:2 эсебинде жеңишке жетти.
Бүгүн, 27-майда Пакистан менен Казакстан курамаларынын беттеши орун алат. Андан соң 28-май күнү Кыргыз курамасы Казакстан менен беттешет.