"Манчестер Сити" футбол клубу быйылкы жылдын трансфердик сезонун ачып берди. Сезон толугу менен бүтө элек жатып, Пеп Гвардиола машыктырган клуб, керектүү футболчуларды карамагына тартуу иштерин баштады.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, 22 жаштагы португалиялык Бернарду Силва үчүн "МС" "Монакого" 50 миллион евро төлөгөн. Белгилей кетсек, Бернарду Силва " Монако" менен Франция чемпиондугун багындырса, Чемпиондор Лигасынын жарым финалына чейин жеткен.