Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарында болгон жардыруудан кеминде 18 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен жан кечти өзүн аскердик базанын жанында жардырып жиберген. Кырсыктын кесепетинен кеминде 18 киши каза болуп, 10го жакын адам жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Азырынча жардырууну эч бир террордук уюм өз жоопкерчилигине алыша элек. Жардыруунун күчү катуу болгондуктан каза тапкандардын дене-мүчөлөрү чачырап кеткен.