Ырчы Шакира жана футболчу Жерар Пике 7 жылдык жарандык никеден кийин баш кошмой болушту

Дүйнө жүзүнө таанымал ырчы Шакира менен футболчу Жерар Пике 7 жыл жарандык никеде жашашкан соң гана нике күбөлүгүн алууну чечишкени белгилүү болгонун Viva басылмасы жазып чыкты.

Алардын мамилеси 2010-жылы ачыкка чыкканда, көпчүлүк экөөнүн мамилеси көпкө узабашын болжолдошкон. Себеби ырчы футболчудан 10 жашка улуу. Бирок андай сөздөргө карабастан, алар 2013-жылы Милан аттуу уулдуу болушкан. 2015-жылы январь айында ырчы экинчи уулу Сашаны жарыкка алып келген.

Бул аралыкта расмий никеге туруу алар үчүн маанилүү эмес экенин айтып келишкен. Жакынкы күндөрдө Жерар Пике италиялык каналдардын биринде эфирде экөө тең нике тууралуу ойлорун өзгөртүшкөнүн айтканы маалым болду.

Азырынча Шакира менен Жерар Пикенин үйлөнүү тоюнун так күнү белгилене элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Gerard-Pique
2017-05-27 18:43:30
Тойго келгиле бурадарлар
-5
Riokyrgyz
2017-05-27 22:14:59
Тойго чакырганжы унутпа.
-3
AKCAHAT
2017-05-27 18:46:09
Президенттин баласы беле бул Пико ?
+1
newman
2017-05-27 19:51:25
AKCAHAT, футболчу
-1
kanatbekabytovich82
2017-05-27 18:52:06
Фигураны карачы атасынын горуууу....Пай пай пааааай...."мнеб такую" деп коет беле?))
+5
kychan.98
2017-05-27 19:39:54
Эх Шакира сени суйуп омур бою ичимен сызып ичкеним ирин жегеним желим болуп отомго дуйнодон сени абдан жакшы кором дагы деле Жерари Пикеге тийди деп укан куну канчалык азап тартып канчалык кыйналганым сенин тушуно да кирбесе керек .Бактылуу бол жаным!
-7
Aidani
2017-05-27 22:12:55
kychan.98,кайрат кыл кыргыздан деле табылат сага Шакира
+6
Omurbek998
2017-05-27 20:08:23
Фигура еле болбосо сулуулук жок деле
+1
vavilon.
2017-05-27 20:23:05
Эх бу жылдыздар. Баш кошо беришет кайра ажыраша беришет.
+1
Seryi-Kardinal
2017-05-27 20:59:11
7жыл ойнош болушуптур да
+2
berdish
2017-05-28 04:11:47
Seryi-Kardinal,өмүр бою ойнош болушат, нике кыйдырбагандан кийин.
0
sarento
2017-05-27 21:20:32
Бактылуу болушсун.
+1
bond0202
2017-05-27 22:09:08
тийсе мен деле алат элем
-2
Gulum.menin
2017-05-27 22:33:58
бактылуу болушсун!
+1
momun74
2017-05-27 23:28:30
Ээ жигиттер Шакира эмне болуп калыптыр ал бизге келиндикке жарабайт сына озубуздун сулуу кара Чач кара каш коздору карагат ыймандуу жайдары кыздарыбызга эч кимы же он шакиранда тен келе албайт анын каймы сулуулугу кайсы фигурасы баары жасалма
+1
Aidani
2017-05-28 00:46:04
momun74,туура айтасыз озубуздо Акмоорлор турганда кайдагы Шакира
+2
AzKumFerDan
2017-05-28 19:06:34
Кыргыз кыздарынан койбосун Жигитер.биздин кыздар Натуральный сулуу эч жасалмасы жок.Бирок акыркы жылдары кыргыз кыздары башка улутка тийип жээндерди кобойтуп жатканы окунучтуу болуп жататда.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан