Бүгүн, 27-май күнү Бишкек шаарында волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун 2-этабынын алкагында Пакистан-Казакстан беттеши орун алды.
Беттештин башында 2 курама команда тең-тең оюн жүргүзүп 4 партиянын эсебинде 2:2 менен жыйынтыктоочу тай-брейк оюнуна өтүштү. Анда Пакистан курамасы 14:13 эсебинде алдыда келе жатып ката кетирди. Жыйынтыгында Казакстан курамасы 3:2 эсеби менен жеңишке жетти.
Бул жыйынтык менен Кыргыз курама командасында Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алганга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ал үчүн Кыргыз спортчулар 28-май күнү өтө турган Казакстан менен болгон беттеште ири эсепте жеңишке жетиш керек.
Эске салсак, кечээ, 26-май күнү Пакистан курамасы Кыргыз курамасын 3:2 эсебинде жеңген.
Пакистан-Казакстан 2:3. Партиялар боюнча эсеп: 25:21; 22:25; 22:25; 25:18; 13:15.