Бүгүн, 28-майда Бишкек шаарында волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун 2-этабынын алкагында Кыргыз курамасы Казакстан курамасы менен кез келди. Анда Казакстан курамасы 1:3 эсебинде жеңишке жетип, Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун финалдык этабына жолдомо алды.
Оюндун 1-партиясында Кыргыз волейболчулар 25:24 эсеби менен алдыда келе жаткан. Бирок бир нече ката кетирген соң Казакстан курамасынын эсебине 3 упай жазылып 25:27 эсебинде 1-партияны казак спортчулары утту.
2-партияда Кыргыз курамасы мыкты оюн көрсөтүп, таамай соккуларды узатып, 25-21 эсебинде ийгиликтүү жыйынтыктап жеңишке жетти.
Кийинки эки партияда Кыргыз спортчулар чарчап калгандыктанбы, чабалдыгын көрсөтүп койду. Жыйынтыгында эч оюн жүргүзө албай 19:25 жана 14:25 эсебинде жеңилип калды.
Бул жыйынтык менен Кыргыз курамасы Италияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Ал эми Казакстан курама командасы тандап алуунун финалдык этабында Иран, Катар, Кытай командалары менен беттешет.