27-28-май күндөрү өлкөнүн футбол боюнча биринчилиги – Топ-Лиганын 9-турдук оюндары өттү. Оюндар Кара-Балта, Бишкек жана Кант шаарларында болду.
"Кара-Балта" (Кара-Балта) – "Нефтчи" (Кочкор-Ата) - 2:2
“Кара-Балта” командасы өз үйүндө “Нефтчини” кабыл алып, 2:2 эсебинде упай бөлүштү. 38-мүнөттө үй ээлери Атай Жакыпбаевдин голу менен алдыга озсо, арадан 3 мүнөт өтпөй Алишер Тухтасинов эсепти теңеди. Экинчи таймда ошол эле Тухтасинов экинчи голун киргизип, “Нефтчини” алдыга чыгарды. Бирок оюн бүтөрүнө 10 мүнөт калганда Назар Исаков эсепти 2:2 кылды.
"Алга" (Бишкек) – "Дордой" (Бишкек) - 0:0
Бишкек шаарында “Дордой” “Алганы” кабыл алды. Бул оюнда 90 мүнөт бою бир да команда гол киргизе алышкан жок. Оюн 0:0 эсеби менен аяктады. Белгилей кетсек, "Дордой" бир канча оюндардан бери жеңиш даамын тата элек.
"Абдыш-Ата" (Кант) – "Алай" (Ош) - 0:1
28-май күнү Кант шаарында жергиликтүү “Абдыш-Ата” лидерлик сапта келе жаткан “Алайды” кабылдады. Аталган оюндагы жеңүүчүнү жалгыз гол чечти. 42-мүнөттө “Алайдын” чабуулчусу Алиа Силла айырмаланып, чечүүчү голду киргизди. Бул жеңиш менен “Алай” экинчи орунда келе жаткан “Абдыш-Атадан” 9 упай алдыга озуп кетти.
Турнирдик таблица: