Баткен ардагерлер бирикмеси 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына "согуш" макамын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда аталган уюмдун төрагасы Канат Бакалов Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди.
Анын айтымында, “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө” мыйзам долбоорунда 26-октябрда Баткен окуясын белгилөө сунушталып жатканын айтты.
“Бул окуядан каза болгондордун саны көп. Мыйзам долбоордо окуядан каза болгон 54 адамдын үй-бүлөсүнө 7 миң сомдон, майып болуп калгандардын жөлөк пулун 15 миң сомго жогорулатуу сунушталып жатат”, - деди ал.
Аталган комитеттин курамындагы депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда колдошту.