Ош облусунун Кара-Суу районунда Кызыл-Кыштак айылынын Мукумий көчөсүндө кудуктан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21 метр тереңдикте казылган кудуктан табылган кишинин жансыз денесин куткаруучулар тобу алып чыгышкан. Маркум аталган айылдын 1976-жылы туулган тургуну экени аныкталып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Каза болгон тургун кудукту тазалоо үчүн түшкөнү айтылууда.