Улуттук курама команданын футболчусу Валерий Кичин “Енисей” клубу менен Орусия Премьер-Лигасына чыга албай калды

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курама командасынын коргоочусу Валерий Кичин “Енисей” клубу менен 28-май күнү Орусиянын Премьер-Лигасына чыгуу үчүн “Арсенал Тула” менен жооптук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Бул оюндун алгачкы беттешинде “Енисей” командасы 2:1 эсебинде жеңип алган. Тула шаарында өткөн жооптук беттеште жергиликтүү “Арсенал” 1:0 эсебинде жеңип, Премьер-Лигада ойномой болду. Бул оюнда Валерий Кичин негизги курамда чыгып беттештин аягына чейин оюн жүргүздү.

Эске салсак, Валерий Кичин быйылкы сезондо “Енисей” командасы менен Орусиянын Улуттук футбол лигасында (2-дивизион) 3-орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uran98
2017-05-30 23:23:05
1 двизиондо 2-эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан