Орусиянын Ленинград облусунун Сертолов шаарында кыргыз мигрантынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 52 жаштагы адамдын өлүгү Молодцов жана Выборг көчөлөрүнүн ортосундагы токойдон, асылып турган жеринен табылган. Анын чөнтөгүнөн табылган катта "Хасан, Рустам жана Мухтар" деген кишилер анын өлүмүнө күнөөлүү деп жазылган.
"Мигрант дөңгөлөк алмаштыруучу жайда иштеп, кесиптештери тарабынан кордук көргөнү айтылат маалыматта. Учурда укук коргоо кызматы териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп жазышат басылмалар.