Аида Салянова эмне себептен ишти Ленин райондук сотуна өткөрүү зарылчылыгы пайда болгонун түшүндүрдү (фото)

Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

14:06. Салянованын иши боюнча сот отуруму башталды.

14:12. Судья Мирлан Термечиков Аида Саляновага анын соттогу укуктарын жана милдеттерин түшүндүрдү.

14:16. Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти Ленин райондук сотуна жөнөтүү өтүнүчүн келтирди. Прокурорлор "тергөөнү УКМК жүргүзгөн. Бул мекеме Биринчи Май районунда жайгашкандыктан, биз ишти Ленин райондук сотуна жөнөтүүгө макул эмеспиз" дешти. Судья бул маселе боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

14:40. Судья кеңешме бөлмөсүнөн келди.

14:43. Судья Мирлан Термечиков Аида Салянованын жактоочусунун ишти Ленин райондук сотуна жөнөтүү өтүнүчүн канааттандырды.

15:07. Соттолуучу Салянова өзүнө коюлган айыптарды саясий деп эсептегенин айтты. "Эгерде бүгүн сот биздин өтүнүчтү канааттандырбаганда, ишенбөөчүлүк көрсөтмөкпүз. Анткени көбүнчө саясий иштер Биринчи Май райондук сотунда өтөт. Бирок бүгүн ишенбөөчүлүккө кажет жок", - деп түшүндүрдү А.Салянова.

Салянова өзүнө коюлган айыптарды саясий куугунтук деп эсептеди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
kanatbekabytovich82
2017-05-29 14:26:14
Аида эже,бар болунуз!
Сиздей аял затын ошончо эркекмин деген депутаттар анварга окшогон озго улутка соктуруп отурганына гана окуном...
Колумдан келсе сиздей аял затына кайдагы [moderated]га эмес кыргыздардын депутаттарына да соктуртмок эмесмин.....
Конулунуз чокпосун Аида!!!
+5
Jibek94
2017-05-29 14:42:03
Болгон иштин баары жакшылык менен аяктасын ылайым
+6
shankol88
2017-05-29 15:08:58
Айида Салянова акталсын...
+9
doping
2017-05-29 15:22:42
кийин ушундай аялым болуп калса)))
-2
Bekovich76
2017-05-29 15:44:47
doping,Аида Женишбековна сулуудайбы
-2
kanatbekabytovich82
2017-05-29 16:24:59
Bekovich76,Комменттерге ХХХ ХХХ
-1
admin_media
2017-05-29 16:49:48
kanatbekabytovich82, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
0
abusait
2017-05-29 16:39:50
Ата-мекенге боштондуук!!!
+3
admin_media
2017-05-29 16:46:11
mirsapar,
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз, видео көрсөтүп жатат.
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-29 17:22:45
Аида апчебиз кучтуу анча мынча эркек сымал депутаттарга караганда анвар деген озбекти жарга такаган
+7
altyn7776
2017-05-29 19:29:45
Азыркы бийликтин жузу.. Кечээ эле Аида айымдын колу менен канчалаган коррупционерлер турмого отурушкан. Эми озуно асылып жатышат.. Эмне морадорлорду таап кыйраттыбы? Ячейкадагы акчалар эмне болду?! Ажонун бети жоктугунун нак далили ушул... Оо Ажо, ошол салган уйуно тынч жашайт бекенсин Эми бийликти откоруп бергенде..
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан