Жалал-Абадда шайлоо участогуна жакын жерде пикир келишпестиктен улам чыр чыкты

Жалал-Абад шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда пикир келишпестиктен улам чыр чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоо участогунун короосунун сыртында 3-4 киши чырдашкан. Бирок бул пикир келишпестик шайлоого тиешеси жок. Учурда бир адам арыз менен кайрылды. Анын алган жаракаттарынын денеге канчалык зыян алып келгени боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмыш ишин козгоо маселеси экспертизанын жыйынтыгынан кийин билинет", - дешти милициядан.

Маалыматка ылайык, учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Abdusamat.kg
2017-05-29 19:07:27
КСДПК депутаты жүрөт анан чыр чыкты деди беле Жалал-Абадда . Тактагылачы супер жамааты
+1
admin_superstan
2017-05-30 12:23:44
Abdusamat.kg, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилген.
0
Ma9
2017-05-29 19:13:22
Добуштар сатылды баары бир добуш 1500мин 1000сомдон
+4
Tuke8686
2017-05-29 19:26:45
Олдунорбу талашып бирини бирин андып
-1
abusait
2017-05-29 20:33:53
Акчасын бербей койду же аз берди . Анан тиги сыр чыгардыда ..
+1
butun.kg
2017-05-29 22:51:30
Дагы деле акча учун шайлоо болгон болсо олгону ошол.ач козун кыргыз козун ач
0
my_Opinion
2017-05-30 03:28:11
Ха ха хаааа ХХХ.ушул ХХХ кыргыздын келечегин ондойт,мекенибизди онуктурот деп эч айта албайм :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан