Сууда сүзүү боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ахмед Анарбаев 69 жашка чыкты. Ал 1948-жылы 30-майда Орусиянын Норильск шаарында төрөлгөн. Спорт менен 1961-жылдан тартып машыга баштап, мастерлик норманы 1966-жылы аткарган. СССР элдеринин 4-спартакиадасында (1967) 5-орунду алган. 19-Олимпиадалык оюндарга (1968) СССРдин курама командасынын курамында катышып, Европанын кубогу үчүн болгон эстафеталык сүзүүдө алтын медалга жетишкен. Бүткүл дүйнөлүк Универсиадада (1970) эки күмүш медалга ээ болгон. Барселонада өткөн Европанын биринчилигинде 2-орунга чыккан. Ошондой эле 2015-жылы август айында Казань шаарында өткөн ардагерлердин арасында сууда сүзүү боюнча мелдеште Дүйнө чемпиону аталган.
30-майга карата жылнаама.