Баткен облусунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 29-майда саат 16:00 чамасында Баткен - Ош унаа жолунун 45-чакырымында орун алды. Жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Хонда Степвагон унаасынын дөңгөлөгү жарылып, унаа бир нече жолу аңтарылып кеткен. Унаадагы 1981-жылы туулган эркек киши, 1962-жылы туулган аял жана 2004-жылы туулган бала каза болгон. Калган 6 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаа катуу ылдамдыкта бара жаткан.