20-майдан 28-майга чейин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан айылдардын ортосунда ынтымакты бекемдөө үчүн спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Бул Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан футбол федерациялары, ошондой эле БУУнун балдар фонду - ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулууда. Аталган мелдештер алгач чек арага жакын жайгашкан 23 айылдын мектептеринде эки өлкөнүн айылдарынан чогулган 1500дөн ашуун балдардын арасында футбол боюнча өттү. Калыстыкты эл аралык категориядагы рефери Баходыр Кочкаров аркалады. Оюндар Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында старт алган.
“Дүйнө жүзүндөгү футбол мектептеринде профессионалдуулук сени футбол жылдызына айлантат деп жазылуу. Профессионалдуулук – кызматташа билүү, башка бирөөлөрдү уга билүү жана чыдамкай болуу. Эгерде балдарыбызга достукту, ынтымакты кичинекейинен үйрөтсөк, демек, келечегибиз коопсуз. Бул жолдоштук беттештердин башкы максаты – эки өлкөнүн айылдарынын ортосундагы мамилени бекемдөө”, - дейт Баходыр Кочкаров.
Эки өлкөнүн айылдарынын жаштары өз ара командаларга бөлүнүп, беттештерди улантышты. Дүйнө чемпиондугундагы оюндарды калыстык кылып келген реферинин көзөмөлү алдында ойноо балдарга кызык болбой койгон жок.
Абдымиталип Ахматжанов, ЮНИСЕФтин Баткен облусундагы өкүлү: "Футбол фестивалы чек арада жайгашкан айылдардагы жаштардын достугун бекемдөө, ынтымакка чакыруу. Оюндардан кийин тажик айылдарынын тургундары өз ара команда түзүп, кыргыз айылдарынын командалары менен жолдоштук беттештерди өткөрүп турсак деген демилгелерди сунуштап жатышат. Балдар кубанычта, жаңы достор менен таанышып жатышат. Спорт эки элдин достугун бекемдөөдө негизги себептердин бири болот".
Арка айылынын мектебинин мугалими Билим мырза буларга токтолду: "Чек арадагы абалды көпчүлүгү жакшы дешкени менен курч бойдон калууда. Спорт менен эки элдин кызматташуусун арттыруу иштери жанданганы жакшы жышаан болуп берет деп ишенем. Ушундай спорттук иш-чаралар бир-эки жолу эле өткөрүлүп гана калбастан, келечекте дагы уланса деп айтар элем".
Спорттук иш-чаранын кийинки баскычы Тажикстан өлкөсүнүн аймагында уланды. Тагыраагы, Согдий облусунун Хистеварз айылында кыргыз жана тажик айылдарынан келген балдардын ортосунда футбол боюнча таймаш өткөрүлдү.