Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Коюн айыл аймагында кулап калуу коркунучунда турган мектеп муниципалдык менчик болгондуктан буза албай жатабыз. Мындай маалыматты бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына Кара-Коюн айыл аймагынын башчысы Рустам Таштанов билдирди.
Эске салсак, буга чейин окурман Элдик кабарга "Урап кетчүдөй болгон эски мектептин имараты бузулбай турат. Имаратка окуучулар кире беришет. Ал кулап балдарды басып калганда чара көрүшөбү?" - деген нааразычылыгын билдирген.
Мындан улам Ат-Башы районунун акимине байланыштык. Ал мектепти бузууда айылдык кеңештин депутаттарынын чечими керектигин айтты. Ошол эле учурда Рустам Таштанов эски мектепти бузуу аракетин көрүп жатканын айтты.
"Бул мектеп 1950-жылдар аралыгында курулган. Эскилиги жетип, кулап калуу коркунучу жаралгандан улам 3 жыл мурда жаңы мектеп, спорт залы менен салынган. Учурда 400дөй окуучу окуйт. Эски имаратка 100 метр жакын жайгашкан. Кээде балдар ойноп имараттын ичине кирип кетип жатат. Мындан улам айылдык кеңештин депутаттары сессияда карап, бузулсун деген чечим чыгарган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматы тарабынан да бузуу чечими кабыл алынган. Бирок муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү бузуу боюнча мораторий кабыл алынгандан улам биз адам өмүрүнө коркунуч жараткан имаратты буза албай жатабыз", - деп билдирди Таштанов.
Айыл өкмөт башчынын маалыматына ылайык, жакынкы аралыкта кабыл алынган мораторийге карабай окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаратып жаткан эски мектепти бузуу иши башталмакчы.