Каталондук “Барселона” футбол клубунун башкы машыктыруучусу болуп 53 жаштагы Эрнесто Вальверде дайындалды. Ал клуб менен 2 жылдык келишимге кол койгон. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты кабарлады.
Белгилей кетсек, 2014-жылдан тарта “Барселонаны” машыктырып келген Луис Энрике быйылкы сезондун соңунда кетерин жарыя кылган. Аталган машыктыруучу “Барселона” менен 2 жолу Ла Лиганы, бир жолудан Чемпиондор Лигасын жана Испан кубогун багынткан.
Маалым болгондой, Эрнесто Вальверде кезинде “Барселона” клубунда чабуулчу болуп ойногон. Ал буга чейин Грециянын “Олимпиакос” жана Испан чемпиондугунда “Атлетик” Бильбоа клубун машыктырып келген.