Бишкек шаарынын Ибраимов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде дарак басып калган Лексус GX 470 унаасынын чыгымын төлөө же төлөбөөнү сот чечет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын “Жашылдандыруу-курулуш” ишканасынын башкы агроному Элнура Жолдошева маалымдады.
Анын айтымында, катуу шамалдан кулаган дарактардын көпчүлүгү тамырлары чирип баштаган дарактар. "Жазында дарактар өзүнө сууну көп сиңирип оорлошуп турган маал болот. Мындай дарактар катуу шамалга туруштук бере алышпайт. Бишкекте 29-майдагы катуу шамалдан 16 дарак кулады. Бул дарактардын көбү мындан 50-60 жыл мурун отургузулган", - деди ал.
"Кечээ унааны басып калган дарак боюнча шаардык милициядан жана биздин кызматкерлер барып акт түзүштү. Мунун баарын комиссия иликтеп чыгат. Унаанын ээсинин чыгымын төлөө жагы соттун чечимине жараша болот. Биздин ишкананын карамагында жалпы 200 миңдей бак-дарактар бар. Аларды былтыр 116 миңдейин иликтеп чыгып, 6700 даракты авариялык абалда турат деп тапканбыз. Бир даракты кыюу үчүн 5 мекемеден уруксат суралат. 6700 даракты кесип чыгуу үчүн үч жылдай убакыт керектелет”, - деди Жолдошева.