Шри-Ланкада жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны 164кө жетти (фото)

Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Шри-Ланка өлкөсүнүн 14 аймагында суунун деңгээли көтөрүлүп, калктуу аймактарды каптап жарым миллионго жакын жергиликтүү тургундар башка жактарга көчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен 29-майга карата 164 адам каза болгондугу кабарланууда. Бул маалыматтарды дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Шри-Ланка аралындагы катуу жааган жамгыр акыркы 14 жылдагы эң коркунучтуу жаан экендигин метеорологдор айтышууда. 2004-жылы да бул аралда суу каптоо, жер титирөө бир убакытта болуп бийик көтөрүлгөн суу көптөгөн турак үйлөрдү жууп кеткен эле. Быйыл 28-майдагы нөшөрлөгөн жаандан суунун бийиктиги 1,2-1,5 метрге көтөрүлгөн. Жаратылыш кырсыгынан эс алуу жайлары, анын ичинде эң кымбат баалуу делген мейманканалар да жабыркаган”, - деп жазышат басылмалар.

Шри-Ланкадагы катуу жааган жаандан улам суу ташкыны болууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Medinaa
2017-05-30 15:58:20
Коркунучтуу экен.Кудай сактасын
+6
akil.91
2017-05-30 19:52:41
Medinaa,
Акыркы фото ото эле коркунучтуу...
0
Bahira
2017-05-30 16:00:24
Тооба кылдым бул да болсо Аллахтын кудуреттуулугу жана кыяматтын белгиси
+14
tular
2017-05-30 16:03:34
Кудай сактай кор.
+5
KAYRATBEK
2017-05-30 17:28:02
Кудай тааланын аскерлери.
+4
admin_superstan
2017-05-30 17:28:21
vampir_perishtesi, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан