Бишкекте ата-энесинин үйүн бөлүшө албай ага-ини мушташа кетишти. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 28-майда милицияга Чүй көчөсүндө 53 жаштагы жарандын ур-токмокко алынганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал арыз жазып, ооруканага жаткырылган. Эртеси ал жаракаттардан улам каза болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка шектелип жабырлануучунун 1964-жылы туулган, буга чейин соттолгон иниси кармалган. Тергөө амалдары уланууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ага-ини ата-энесинин айылдагы үйүн талашып мушташып кетишкен. Салтка ылайык, бул үйдө ата-энеси менен кичүүсү жашаш керек эле, бирок ал мындан баш тартып, бир нече жыл мурун үй-бүлөсү менен шаарга кетип калган. Ата-эне каза болгондон кийин үй агасына катталган.