Англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу дүйнөдөгү эң кымбат клуб деп табылды. Мындай версияны абройлуу KPMG аудитордук компаниясы өз сайтына жарыялады. Маалыматта белгилүү болгондой, аталган футболдук клуб 3,186 миллиард еврого бааланган. "Манчестер Юнайтед" мындай көрсөткүч менен испандык "Реалды" да басып өттү. "Реал" клубу өткөн жылы ушул эле компаниянын рейтинги боюнча 3,057 миллиард евро деп бааланган. Ал эми 3-орунда испандык "Барселона" турат, анын баасы 2,8 миллиард еврого тете.
Мындан ары немистердин "Бавариясы" (2,5 миллиард евро), англиялык "Манчестер Сити" (2,04 миллиард евро), "Арсенал" (2,02), "Челси" (1,7), "Ливерпуль" (1,4), италиялык "Ювентус" (1,3) жана кийинки сапта англиялык "Тоттенхэм" (1,04) турат.
Изилдөө KPMG аудитордук компаниясы тарабынан финансылык кирешеси жалпыга ачык-айкын жарыяланган Европадагы 32 футболдук клубдун арасында жүргүзүлгөн. Жогорудагы көрсөткүч 2014-жылдан 2017-жылдын 1-январына карата жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы деп белгилөөгө болот.
Эскерте кетсек, 2015-2016-жылдардагы сезондо "Манчестер Юнайтед" Англия чемпиондугунда 5-орунду алып, Англия Кубогунун ээси болгон. Быйылкы сезондо жергиликтүү чемпиондукта 6-орунду алды. Анткен менен "Манчестер Юнайтед" Англиянын Суперкубогунда, Англия Лигасында жана Европа Лигасында жеңип, үч трофейди багынтты.